Биз менен байланышыңыз

Президент Оштогу оорукананы суук түшкөнгө чейин куруп бүтүрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 404 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-сентябрда Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери менен таанышты. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташканын маалымдады.

Долбоорго ылайык, оорукана 3 бөлүмдөн турат: 28 керебеттүү жандандыруу бөлүмү жана жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча эки бөлүм.

Бүгүнкү күндө оорукананын эски имараты толугу менен бузулуп, бир катар иштер бүткөрүлгөн. Тез курулчу конструкциялардан куралган объекти ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет.

Президент курулуш ишин суук түшкөнгө чейин бүтүрүү керектигин белгилеп, сапатына да көңүл бурууга чакырды.

Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда бирден жаңы жугуштуу оорулар ооруканаларынын курулушу жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM