Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 16 кош бойлуу аял каза болгон

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 501 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 16 кош бойлуу аял коронавирустан каза болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров билдирди. Анын айтымында, бул аялдарда коронавирус оор түрдө өткөн.

«Коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын арасынан жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. Учурда вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу, жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Бүгүнкү күнгө чейин 536 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Тилекке каршы, 16 өлүм учуру катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында, бул учурлар оор даражада болгон. Ошондой эле учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү”, — деп билдирди Арсен Аскеров.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Талас облусунда 1 бейтап каза болду. Муну менен аталган вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1063кө жетти.

9-сентябрга карата COVID-19 вирусунун жаңы 87 учуру катталды. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 613кө жетти.

Ушул күндөрү стационарларда 535 бейтап дарыланып жатат, амбулатордук дарыланууда 2373 бейтап бар.

Акыркы бир сутка ичинде илдеттен 178 жаран сакайды. Коронавирус менен катталып, андан айыккандардын саны 40 миң 336ны түзүүдө.

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Жалал-Абад облусунда 1 медициналык кызматкер катталды. Ал эми ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининдеги 12 медкызматкер сакайды.

COVID-19 вирусу 3159 медициналык кызматкерге жуккан, анын ичинен 2616 медкызматкер айыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM