Биз менен байланышыңыз

19 миңден ашык медициналык кызматкер окутулду

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 379 | 0

Медициналык адистерди COVID-19 дартын дарылоого байланыштуу окутууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

Жалпы 19 миңден ашык медициналык кызматкер окутуудан өткөн. Алардын арасында  вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лабораториялык жана башка адистер бар.

«Өлкөнүн аймактарында врачтарды кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу керек. Акыркы, төртүнчү дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарыл», — деди Боронов.

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери 3159 мединалык кызматкерге вирус жукту, алардын 2 616сы айыкты, каза болгондор 70тен ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM