Connect with us

Ошто коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага мектеп салынды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 491 | 0

Ош шаарында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка жаңы мектеп салынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 9-сентябрда Ош облусуна болгон иш сапары учурунда маалым болду. Жээнбеков Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты.

500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык бөлмө, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Объектини 2020-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалган.

2018-жылы июнь айында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Ага экономикалык жана кызматтык кылмыштардан бюджетке кайтарылган акчага 15 мектеп, Ош жана Бишкек шаарларындагы, Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн сом бөлүнгөн.

Чүй облусу боюнча 7 мектеп жана 2 миң 700 окуучуга ылайыкташкан кошумча корпустар, Бишкек шаарында 7 кошумча корпус, Ош шаарында 1 мектепке кошумча корпус, жалпы 5 миң окуучу орундарына корпустар салынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM