Биз менен байланышыңыз

8 айда 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ачылды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 485 | 0

Кыргызстанда быйыл 8 айда 40 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.

Анын натыйжасында 1200 жумуш орду түзүлдү,  облустар боюнча алып караганда:

  • Баткен облусу боюнча сегиз айда 3 ишкана пайдаланууга берилди, 42 иш орду түзүлгөн.
  • Жалал-Абад облусу боюнча жети айда 10 кайра иштетүүчү ишкана түзүлүп, 143 жумуш орду түзүлгөн.
  • Ош облусу боюнча 5 ишкана пайдаланууга берилип, 85 иш орду түзүлгөн.
  • Талас облусу боюнча 3 ишкана пайдаланууга берилди, 100 жумуш орду түзүлгөн.
  • Ысык-Көл облусу боюнча 7 ишкана ишке берилди, 135 жумуш орду түзүлгөн.
  • Нарын облусу боюнча 5 ишкана ишке берилди, 93 иш орду түзүлгөн.
  • Чүй облусу боюнча 6 ишкана ишке берилип, 550 жумуш орду түзүлгөн.
  • Ош шаары боюнча 1 ишкана ишке берилди, 60 жумуш оруну пайда болду.

Кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын түзүү жана иштеп жаткандарын өнүктүрүү өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишканаларды региондук адистештирүүнү эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM