Биз менен байланышыңыз

БАЭде жашаган кыргызстандыктар үчүн эки шайлоо участогу ачылды

Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 429 | 0

Кыргызстанда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулдугу билдирет.

Учурда Бириккен Араб Эмирлигинде жашап жаткан кыргызстандыктар www.tizme.gov.kg онлайн порталы аркылуу өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип алса болот.

«Эгерде издөө учурунда өзүңүздү башка шайлоо тилкесинен тапсаңыз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдукка кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз) жана форма №2 толтуруп кетүүңүздү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылган, алар:

-Абу-Даби шаарында — Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан,

-Дубай шаарында — Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында.

Консулдук каттоого жараша Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип, шайлоого катышса болот.

Шайлоого катышуу үчүн жарандар жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM