Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары БШКнын алдына чогулушту

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 2583 | 0

Бүгүн, 6-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чогулушту.

Алар сот туура чечим чыгаруусун, БШКнын отставкага кетүүсүн, акыйкаттын орун алышын талап кылышууда.

Кечээ, 5-сентябрда Жала-Абаддагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине нааразылык билдиришкен.

Партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишип, алар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Анда Боршайком «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан. Ага партиянын съездде мыйзам бузганы жүйөө келтирилди.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп атап, сотко кайрыла турганын маалымдаган.

Буга чейин мурунку депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал аталган партиянын БШКга берген талапкерлеринин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында экс-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.

Copyright © 2017 Maral FM