Биз менен байланышыңыз

Белгилүү балбан (Ташчайнар) Нурлан Алишеров оор абалда жатат

Коомчулукка  “Ташчайнар”  каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан  Алишеровго жардам керек. Учурда ал Бишкек шаарындагы Фучик ооруканасында оор абалда жатат. Бул маалыматты  “Марал” радиосуна өкүл баласы Алымбек  Адылбеков  билдирди. 

«Атам (ред. Нурлан  Алишеров)  бир нече айдан бери 5 6 оору менен күрөшүп келе жатат. Кечээ, 2-сентябрда саат 20:00 чамасында өкүл атам ээсин  жоготуп жыгылган. Биз дароо  Фучиктеги ооруканага алып келгенбиз. Доктурлар заматта жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Эртең менен ооруканага барсак, дарыгерлер томографияга тартыш керек, инсульт алган деп айтышты. Азыркы  учурда  томографияга  тарттырып  жүрөбүз. Өкүл апам Таласка кеткенине 5-6 күн болуптур. Ал жактан ооруп калып, учурда ал дагы дарыланып жатыптыр. Азырынча атам бир аз өзүнө келди.  Томографияга түшкөндөн кийин бардыгы билинет экен,» — деди Адылбеков.

Жардам берүүнү каалагандар: 0776553535 ЭЛСОМ. (Өзүнүкү)

Суроолор болсо Алымбек Адылбеков менен байланышсаңыздар болот.
0773834605
0703834605

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM