Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 590 | 0

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттады.

Комиссиянын 3-сентябрдагы жыйынында жумушчу топтун чечимдери окулуп, добушка коюлду. Алардын катарында «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунуш болду.

Жыйынтыгында «Бүтүн Кыргызстан» менен «Актив» партиясы шайлоодон четтетилди.

«Актив» партиясын шайлоодон четтетүүгө күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болду, ал эми «Бүтүн Кыргызстанды» съездде мыйзам бузган деген жүйөө менен каттоодон баш тартты.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бүгүн, 4-сентябрда башталган үгүт иштери 2-октябрга чейин созулат.

Быйыл парламенттик шайлоого жалпы 44 саясий партия катышуу ниетин билдирген. Анын он беши каттоодон өттү.

Жалпы 15 партия каттоодон өттү

 

Copyright © 2017 Maral FM