Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда миңден ашык бала COVID-19 инфекциясы менен ооруган

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 454 | 0

Кыргызстанда 5 балдар ооруканасы коронавируска чалдыккан балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Алар:

  1. Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борбору;
  2. Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы;
  3. Ош облустар аралык балдар ооруканасы;
  4. Кара-Суу районундагы балдар ооруканасы;
  5. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы.

Мындан сырткары, аймактык ооруканаларда балдар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалган. Жалпысынан 2356 орундук бар.

Август айындагы статистикага таянсак, 14 жашка чейинки балдар арасында 1120 бала COVID-19 инфекциясы менен ооруган.

Анын ичинен:

— 1 жашка чейинкилер – 117;

—  1-5 жашка чейинкилер – 354;

—  6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 2-сентябрга карата вирустун жаңы 78 учуру катталды.  Ушуну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 36 адамга жетти.

Учурда стационарда 670 бейтап дарыланып жатат. Амбулатордук дарыланууда  4799 бейтап бар.

Бир сутка ичинде коронавирус менен катталгандардын арасында медициналык кызматкерлер жок. Ошол эле учурда 4 медициналык кызматкер айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандардан 9 медкызматкер сакайды.

COVID-19 илдети 3136 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2496сы айыгып чыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 246 бейтап сакайды. Бул илдетти жеңгендердин жалпы саны 38 миң 895. Коронавирус каттала баштагандан бери жалпы 1058 адам көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM