Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу сунушталды

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 515 | 0

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

27-28-августта Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов Будапешт шаарына иш сапары менен барган. Анда элчи Венгриянын тышкы саясат боюнча министрлигинин бир катар департамент башчылары менен жолугушуп, Венгрия менен кызматташуунун өнүгүшүн талкуулаган.

Саясий диалог, соода-экономикалык кызматташтык, ошондой эле эки өлкөнүн укуктук базасынын кеңейтилишине басым жасалды.

Мындан тышкары, Будапешт шаарынын мэриясы менен кызматташуу, Wizz Air компаниясы менен бирге Кыргызстан жана Венгриянын ортосундагы түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар Кыргызстандагы кен калдыктары сакталган жабык жайлар маселесинде да кызматташа турган болушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM