Биз менен байланышыңыз

Бүгүн COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 364 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 2-сентябрга карата вирустун жаңы 78 учуру катталды.  Ушуну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 36 адамга жетти.

Учурда стационарда 670 бейтап дарыланып жатат. Амбулатордук дарыланууда  4799 бейтап бар.

Бир сутка ичинде коронавирус менен катталгандардын арасында медициналык кызматкерлер жок. Ошол эле учурда 4 медициналык кызматкер айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандардан 9 медкызматкер сакайды.

COVID-19 илдети 3136 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2496сы айыгып чыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 246 бейтап сакайды. Бул илдетти жеңгендердин жалпы саны 38 миң 895. Коронавирус каттала баштагандан бери жалпы 1058 адам көз жумду.

“Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толуну байкалууда. Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген. Ал эми, күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулардын күчөшү мүмкүн. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM