Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 1250 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти, учурда түрмөдө жаткан Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча пикирин айтты. Анын билдирүүсүн КСДП партиясы таратты.

Алмазбек Атамбаев Батукаев боюнча кылмыш иши ачык териштирилген жок деп эсептейт.

«Батукаевдин ишинин маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу — ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу», -деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев УКМКнын операциясы ишке ашпай калганын, ага себепкер болгон жагдайлар ачыкка чыгарын белгилейт.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен «Манас» аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, октябрь айында сотко өткөн.

Ушул жылдын 14-августунда Бишкек шаардык соту мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата чыккан чечимди күчүндө калтырды.

Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом айыппул салынган.

Ошондой эле Бишкек шаардык соту 13-августта тергөө менен келишкен 10 айыпталуучунун ишин карап, аларды айыпка жыккан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө менен 14 киши келишим түзгөн. Алардын ичинен лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, тартип бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, Канатбек Бектемиров, мурдагы сот Жапар Эрматов жана жактоочу Али Касымовго 260 миң сом айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM