Биз менен байланышыңыз

Окуучулар «Тулпар» картасын сатып алуу үчүн мектеп директоруна кайрылат

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 454 | 1

1-сентябрга карата Бишкекте 6 миңден ашуун мектеп окуучусу “Тулпар” картасын сатып алды. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картаны бир жолу алып, мектепти окуп бүткөнчө колдонууга болот.

Окуучу “Тулпар” картасын сатып алуу үчүн алгач өзү окуган мектептин директоруна кайрылуусу керек. Жеке жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери да “Тулпар” компаниясына расмий арыз жана окуучулардын тизмеси менен кайрылуулары зарыл.

Бишкекте коомдук транспорт 1-сентябрдан тарта эртең менентен кечке чейин үзгүлтүксүз иштей баштады.

1 пикир

1 пикир

  1. Кубанычбек

    18.01.2024 08:01

    Саламатсызбы жашыл Тулпар картасы Новопокровка айылындагы жүрүп жаткан 162 жана 40 автобустарга дагы окуучуларга алып берсек болобу же Бишкек шаарында эле жеткиликтүүбү

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM