Биз менен байланышыңыз

Соцтармактарда «Биримдик» саясий партиясынын тизмеси тарады

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 4141 | 0

Социалдык тармактарда «Биримдик» саясий партиясынын тизмеси жазылган кагаздын сүрөтү тарады. Анда партиянын толук курамы жазылган.

Тизмени карасак, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттарынан Асылбек Жээнбековду 27-катардан көрүүгө болот. Ал эми Азамат Арапбаев 20-катарда, Аида Касымалиева 8-катарда, Салык кызматынын мурунку жетекчиси Замирбек Осмонов 23тө, мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова 36-катарда.

Кызматынан чуу менен кеткен мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду талапкер катары 87-орунда көрүүгө болот.

Маданият өкүлдөрүнөн алып баруучу Нурзат Токтосунова да «Биримдиктин» катарында, ал 76-орунга илинген.

«Биримдик» саясий партиясынын төрагасы болуп Акылбек Жамангулов дайындалган.

Буга чейин алдыңкы катардагы 16 талапкердин аты-жөнү айтылган. Алар:

«Биримдик» партиясы менен кимдер шайлоого аттанды? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM