Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышмай болду

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 851 | 0

Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун «Кыргызстан» партиясы боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын карады. Анда БШКнын өкүлү «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн документтерди жана талапкерлердин тизмесин берүүдө мыйзам бузганын айтты. Ошондой эле документ тапшыруу үчүн партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам келгени айтылды.

Депутат Канат Исаевдин айтымында, «Кыргызстан» сыяктуу партияны шайлоого катыштырбай коюу мыйзамга туура келбейт.

БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган партиялардын документтерин 24-августта кечки саат 18.00дө кабыл алууну токтоткон. «Кыргызстан» саясий партиясы документтерин тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен 25-августта кагаздары артка кайтарылган.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат боюнча 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек.

«Кыргызстан» партиясы БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырган. 29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

Ал ортодо Жогорку соттун имаратынын алдында таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган акция өтүүдө. Кырдаалды милиция көзөмөлдөп жатат. Соттун алдына «Кыргызстан» партиясынын колдоочулары да келген.

Copyright © 2017 Maral FM