Биз менен байланышыңыз

“Кыргызстан” партиясы административдик ресурс колдонгонбу?

Кыска кабар , Саясат | 1 Сен 2020 | 921 | 0

Социалдык тармактарга «Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырууда административдик ресурс колдонгону жөнүндө юристтердин билдирүүсү жарыяланды. Ага таянсак, «Кыргызстан» партиясынын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абелдиева болуп эсептелет. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди тапшыруу үчүн 24-августта башка адам барган.

Ал, Аманкул Токтогулов, «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги катчылыгынын кызматкери экени маалыматта айтылат. Муну депутат Канат Исаев да журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тастыктаган. Исаевдин айтымында, Токтогулов партиянын штабында да иштеп жатат.

-Партиянын расмий өкүлү аял киши, бирок БШКга документ тапшырууда ишеним кат менен Аманкул деген жигит барган. Ал бизде Жогорку Кеңеште секретариаттын  кызматкери, ал бул жакта штабда да иштейт. Ал ишеним кат менен барган. Буга мыйзам жол берет.

Мыйзамга ылайык, фракциянын Жогорку Кеңештеги катчылыгынын бөлүм башчысы кызматы жогорку административдик, мамлекеттик кызмат болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматты ээлеп турган адам партиянын штабында иштегени мыйзам бузууга жатат.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл албай, шайлоодон четтетиши керектиги юристтердин билдирүүсүндө айтылат.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 21-1-берененесине ылайык,  административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбейт. Мыйзамдын шилтемеси.

Бүгүн, 1-cентябрда Жогорку Сот «Кыргызстан» партиясы боюнча БШКнын арызын карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек эле. Бирок «Кыргызстан» партиясы документтерин кеч тапшырганы аныкталып, комиссиянын чечими менен ал кабыл алынган эмес. Бул маселе жарандык коом тарабынан көтөрүлүп, талкуу болгон. Аталган партия БШКнын мындай чечимине нааразылыгын билдирип сотко кайрылган.

27-августта Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясы боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапкан болчу. Ал эми БШК өзүнүн чечимин мыйзамдуу деп эсептеп, партиянын документтерин экинчи жолу кабыл албай, Административдик соттун чечимине макул эместигин билдирген.

29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM