Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: Унаа жана жер салыктарын төлөңүз

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 349 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда унаа салыгын, 2-сентябрда турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктай турганын эскертет.

2-сентябрда турак жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM