Биз менен байланышыңыз

Боронов: 1-сентябрга карата 11 мектеп колдонууга берилиши керек

Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 433 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймактарындагы социалдык объектилерди оңдоо өкмөттүн негизги милдети экенин жыйында билдирди. Анын айтымында, 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилиши керек.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Ошол эле учурда алардын сапаттуу бүткөрүлүшүн катуу көзөмөлгө алгыла. Муну менен катар план боюнча 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилүүгө тийиш. Социалдык объектилерди оңдоо жана курулушун камсыздоо өкмөттүн бирден-бир милдеттеринен экенин эсиңерден чыгарбагыла», — деди Кубатбек Боронов.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочоров маалымдагандай, 2020-жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 112 объектинин курулушу аяктайт. Анын жетимиши билим берүү, он жетиси саламаттык сактоо уюмдарынын мекемеси.

Мындан тышкары, Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл 79 айылга ичүүчү таза суу киргизилет, 4 ирригациялык объектинин курулушу аяктайт. Анын натыйжасында 2300 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматына караганда, быйыл жыл аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Ал эми район борборлорундагы жолдордун 165 чакырымына асфальт төшөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM