Биз менен байланышыңыз

Сот БШКнын «Кыргызстан» партиясы тууралуу чечимин жокко чыгарды

Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 1559 | 1

Бишкек шаардык админстративдик соту “Кыргызстан” партиясынын ишин карап, БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу партиянын атынан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов айтты.

Эскерте кетсек, 25-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. Буга документтер БШКга партиянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү жок келгени себеп болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Султанаалы

    28.08.2020 10:28

    «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышканы туура. Себеби жөнөкөй техникалык ката күчтүү партияларды шайлоодон четтетип салууга себеп болбошу керек. Сот туура чечим чыгарды. Эми БШК каттоого милдеттүү.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM