Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 25-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+17, күндүз +30…+33;
Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +27…+29;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27;
Нарында түнкүсүн +10…+13, күндүз +26…+29.
Бишкек шаарында 25-августта жаан жаабайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус болот.