Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиевага айтылган сын пикирлерге «Биримдик» партиясынын штабы жооп берди

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 2206 | 1

21-августта интернетте Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын жолдошу Нуркан Осмоналиевдин “Биримдик” партиясына кайрылуусу чыккан. Анда Осмоналиев партиянын талапкери Аида Касымалиева жубайына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматынан алып коерун айтып, коркутканын билдирген:

«Вице-спикер Аида Касымалиева жолдошумду телефондон опузалап, «эмне үчүн сиздин мугалимдериңиз башка партияларды үгүттөп иштеп жүрүшөт? Курултай бүтсө, сиз менен жеке сүйлөшөм, азыркы учурда сиздин маселеңиз каралып жатат, мен барганча мугалимдердин тизмесин даярдап коюңуз» деп коркуткан. Натыйжада жубайым кан басымы көтөрүлүп, ооруканага кайрылууга аргасыз болдук», — деп кайрылды Нуркан Осмоналиев.

“Биримдик” партиясынан талапкер,  Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиевага карата социалдык тармакта айтылган дооматтарга партиянын шайлоо штабы жооп берди. Штабдын маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин билдиргени боюнча, Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин жетекчиси менен Аида Касымалиева “Биримдик” партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн:

“Биринчиден, мындай сүйлөшүүнү коркутуу катары жарыялоонун эч кажети жок. Экинчиден, мектептин директору менен сүйлөшкөн учурда Аида Касымалиева “Биримдик” саясий партиясынан талапкер болуп шайлана элек болчу. Ошондуктан, бул сүйлөшүүнү «партия өкүлү коркутту» деп жарыялоого негиз жок. Үчүнчүдөн, депутат Касымалиева “мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун” туура белгилеген”, -деди Адилет Султаналиев.

“Биримдик” партиясынын шайлоо штабы ЖК депутаты, учурда партиянын талапкери Аида Касымалиева менен мектеп директорунун ортосундагы сүйлөшүүнү саясий оппоненттери тарабынан атайылап жасалган чыр деп эсептейт.

Осмоналиев мындан тышкары “Фейсбуктагы” баракчасына жубайынын депутат Аида Касымалиева менен “Вотсаптан” сүйлөшкөн сөздөрүнүн сүрөтүн жарыялаган. Бирок анда Аида Касымалиеванын сөздөрү дээрлик бардыгы өчүрүлгөн.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 19-августта “Биримдик” саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп шайланган. Ал тизмеде 8-катарда турат.

1 пикир

1 пикир

  1. Ахмад

    22.08.2020 22:44

    Биримдик Эми эле басым жасап баштаптыр булар депутат болуп барса элди курататго

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM