Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык студент «КМШнын мыкты студенти» наамына ээ болду

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 1005 | 0

Кыргызстандык студент «КМШнын мыкты студенти-2020» наамына ээ болду. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна билдирди.

Шергазы Чоткараев — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти. Ал «КМШнын эң мыкты студенти» эл аралык долбооруна катышкан.

Долбоор Казакстандын илимпоздор конгрессинин колдоосу менен «Бөбек» улуттук кыймылы» ассоциация түрүндөгү юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Бул иш-чаранын негизги максаты жаш илимпоздордун инновациялык долбоорлорун, изилдөө ишинде, чыгармачылыкта, студенттик кеңеште, спортто жана илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин аныктоо болуп эсептелет. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү студенттердин кызматташуусун арттыруу болуп саналат.

Долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Орусиянын мыкты студенттери катышты. Сыйлык тапшыруу аземи апрелде Нур-Султан калаасында өтүшү керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу бул жолугушуу өтпөй калган.

Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттер медаль, 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Алардын ысымдары «Талантуу жаштардын энциклопедиясы» эл аралык студенттик китептер жыйнагына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM