Биз менен байланышыңыз

Эмил Үмөталиев «Бир Бол» партиясына 7 өтүнүчүн айтты

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 518 | 0

Экономист, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Бир Бол» саясий партиясынын съездинде сөз сүйлөп жатып, катардагы жаран катары партияга 7 өтүнүчүн айтты:

«Эң биринчиден, кыргыз элинин адам өмүрүнө Сталин мезгилинен бери кайдыгер мамиле болуп келген.  Ошондуктан адам өмүрү эң ыйык баалуулук экенине мыйзам түрүндө, иш аракет түрүндө, ар бир адамдын өмүрүн коргоо аракетинде болсо да салым кошууңарды өтүнөм.

Экинчиден, биз кол тийбестикке жетише элекпиз. Өзгөчө — бала жана аялдын кол тийбестиги. Ар бир кыргыз балага жана аялзатка кол тийбестик биздин улуттук намыс экенин кабыл алууга жетишибиз керек».

Үмөталиев ошондой эле эл шайлаган бийликти көзөмөлдөө керектигин айтууда.

«Бүгүнкү күндө биз артка кетип, үстүртөн дайындалган бийлик өкүлдөрүн өзүбүз эл менен макул болбой, элге көңүл бөлбөй коюусуна шарт түзгөнбүз».

«Төртүнчүсү,  түшүм берген бакты багыш керек. Биздин өлкөдө болсо бийлик бактын бутагын улам сындыра берип, ишкерлердин санын азайтып жатат. Биздин бийлик ачык айтпаса да, саясат катары орто классты, чакан, орто бизнестин санын азайтып жатат. Элдин, экономиканын тирөөчү жана акыры барып туруп, мамлекетке атаандаштуулукту бере турган — бул ортоңку класс жана чакан, орто бизнес. Ал эми биздин бийлик көмүскө түрүндө ошол ишкерлерди чөгөлөтүп, элди жакыр кылганга бурулуп кетти».

Үмөталиевдин айтымында, бүгүнкү күндө сотко тапшырылган иштердин 90 пайызы акталбай жатат, идеалдуу түрдө сотко өткөрүлгөн иштердин 50 пайызы акталышы керек.

«Аны менен бирге адамдын жеке жашоосуна жана ишкерлерге мамлекеттин үстөмдүгү болбошу керек. Эркиндик чексиз болушу керек. Бир адамдын эркиндиги башка бир адамдын эркиндиги башталган жерде гана чектелет».

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-августта «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз съезди өтүп жатат. Анда партиянын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалды.

Мындан сырткары, партия мүчөлөрү тарабынан «Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана Съезд делегаттары тарабынан талапкерлерин тизмесин бекитүү» маселеси каралат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM