Биз менен байланышыңыз

Асангариев: Мамлекеттик органдардын 70 пайызын кыскартуу керек

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 650 | 0

Терең реформа жасабасак, өлкөнү жоготуп алуубуз мүмкүн. Мындай оюн бүгүн, 17-августта, «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз съезди учурунда партия мүчөсү Мирбек Асангариев билдирип чыкты.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасынан экономика, коррупция боюнча антирекорд коюп жатат.

«Коррупция менен күрөшкөн сайын ал өсүп жатат. Аны менен күрөшпөш керек. Паракорлукка алып келген себептер менен күрөшүү керек. Мисалы, жеке тармакта жетекчи оптималдуу жол издөө менен 3 адамдын ишин 1 адамга бере алат. Чиновниктердин, органдардын 70 пайызын кыскартуу керек. Алардын айлыгын иштеп калгандарга берүү зарыл. Бизге чакан өкмөт керек», — деди Мирбек Асангариев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-августта «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз съезди өтүп жатат. Анда партиянын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалат.

Мындан сырткары, партия мүчөлөрү тарабынан «Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана Съезд делегаттары тарабынан талапкерлерин тизмесин бекитүү» маселеси каралат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM