Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: «Бир Бол» өлкө үчүн вакцина болот

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 1274 | 0

«Бир Бол» партиясы өлкө үчүн вакцина болот. Бул тууралуу партиянын лидери Алтынбек Сулайманов бүгүнкү съездде айтты.

«Бүгүн бүткүл дүйнө коронавируска каршы вакцинаны күтүп жатат. «Бир Болдун» өлкө үчүн вакцинасы бар. Сабатсыздык жана коррупция вирусуна, трайбализм жана аймак аралык бөлүнүп-жарылуу вирустарына каршы вакцина боло алат», -дейт Сулайманов.

Бишкекте «Бир Бол» саясий партиясынын IX кезексиз съезди башталды. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер катышууда.

Пандемияга байланыштуу съездге 50 гана адам чакырылган. Карантин шартындагы бардык эрежелер сакталып, катышуучулар бет кап кийип, 1,5 метрлик аралык сакталууда.

Сулайманов сөз сүйлөп жатып, «Бир Бол» шайлоолор үчүн эле түзүлгөн, ар кандай саясий күчтөрдүн кыска мөөнөттүү альянсы эместигин айтты.

«Добуш — бул сатылчу товар эмес. Сиздин добуш, саткын саясатчылар сунуштаган суммадан алда канча кымбат турат. Сиздин добушуңуз мекенибиздин келечегин аныктайт. Алдыдагы 5 жылда өкүнүп калбагыдай тандоо кылыңыздар.  Баргыла, шайлагыла эмес, келгиле, тандагыла дейт элем», — дейт Сулайманов.

Съезд Алмамбет Шыкмаматов, Айжан Чыныбаева, Жоомарт Жолдошев, Зарина Чекирбаевалардын сөзү менен уланат. Ошондой эле Айжан Чыныбаева жана Жодар Сайдилканов партиянын шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили»  программасынын презентациясын жасаары күтүлүүдө.

Ошондой эле «Бир Бол» саясий партиясынын IX кезексиз Съездинин  жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана партиянын программасын бекитүү чечими кабыл алынат.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM