Биз менен байланышыңыз

Бир топ депутат КСДПнын курамынан чыгууга арыз жазышты

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 718 | 0

Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев жана Анарбек Калматов  Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан чыгуу тууралуу арыз жазышты. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

«Депутаттардын төраганын милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун атына жазган арыздары КСДПнын Катчылыгына келип түштү. Бул КСДП фракциясынын лидери партиянын расмий жетекчиси Анвар Артыков экенин моюнуна алат дегендик. Эскерте кетсек, Иса Өмүркулов менен Кожобек Рыспаев аталган партиянын катарынан 2018-жылы эле чыгарылган. Ал эми Элвира Сурабалдиева менен Анарбек Калматовдун арызы партиянын Саясий кеңешинде каралды», — деп билдирди Жолдубаева.

Кожобек Рыспаев 2018-жылдын 30-августунда Социал-демократтар партиясынан «Марал» радиосунда айткан сөздөрү үчүн чыгарылган. Ал «Маралдын» «Кечээ. Бүгүн. Эртең» программасында уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза партияга мүчө болгусу келерин айткан. Ошондой эле КСДПда бекем ынтымак жок экендигин да белгилеген эле.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев камакка алынгандан кийин төраганын милдетин аткаруу милдети Анвар Артыковго жүктөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM