Биз менен байланышыңыз

Жаңы окуу жылында 1-класстар мектепке барып окушат

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 1976 | 0

Жаңы окуу жылында 1-класстар мектепке барып окушат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Быйыл 1-класска 156 миң окуучу барат. Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде окутулат.

«Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдардын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. 1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Экинчи жагынан,  эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа элек. Коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну чыгышы ыктымал болгондуктан министрлик калган варианттарды сунуштап жатканда эпидемиологиялык кырдаалды эске алат.

Окуу процессинин кийинки чейректерин жандандыруу маселеси да өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Республикалык штабдын талкуусунан өтүп, кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM