Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «электрондук унаа токтотмо» долбоору ишке кирет

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 874 | 0

Жакын арада Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө «Электрондук токтотмо» сынамык долбоору ишке киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясында өткөн брифингде айтылганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда базарлардын, соода борборлорунун жана жолдордун жанындагы унаа токтотуу акысын убакытка жараша эсептөө үчүн убакыт системалары орнотулуп, видеобайкоо камералары аркылуу көзөмөлдөнөт.

Мэриядагы онлайн брифингде шаардагы токтотмолордун азыркы абалы талкууланды. Шаардагы эң көйгөйлүү жерлер Шопоков көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү, «ЦУМ», «ГУМ» соода борборлорунун жанындагы токтотмолор экендиги айтылды.

Аталган токтотмолордогу көйгөйлөр жөнүндө шаар тургундарынан көп кайрылуулар келип түшкөн. .

«Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын башчысы Вахтанг Алакулов аталган токтотмо 2016-жылы «Паркинг Кейджи» компаниясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк сынамык долбоорунун алкагында 2 миллион 350 миң сомго 5 жылга ижарага берилгендигин кабарлады.

Буга байланыштуу токтотмолордун иштөөсүн уюштуруу, бааларын коюу иштерин компания жүргүзөт.

Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу ижарачы келишимдеги бардык милдеттерди аткарбаганын айтты.

Былтыр Бишкекте 14 токтотмо жана 14 унаа туруктары түзүлгөн. Алардан шаардык бюджетке 15 миллион сомдой каражат түшкөн.

Учурда транспорт жана жер кызматтары унаа токтотуу жайларындагы башаламандыкты жоюу, жаңы унаа токтотуу жайларын уюштуруу менен 8 миң орунга чейин көбөйтүүнү пландап жатышат.

Бүгүнкү күндө муниципалдык унаа токтотмолоруна бирдиктүү баа 25 сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM