Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши: Шаардык сот Атамбаевди камакта калтырды

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 425 | 0

Бишкек шаардык соту мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата чыккан чечимди күчүндө калтырды.

Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом айыппул салынган.

Ошондой эле Бишкек шаардык соту 13-августта тергөө менен келишкен 10 айыпталуучунун ишин карап, аларды айыпка жыкты.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө менен 14 киши келишим түзгөн. Алардын ичинен лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, тартип бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, Канатбек Бектемиров, мурдагы сот Жапар Эрматов жана жактоочу Али Касымовго 260 миң сом айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM