Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 304 бейтап сакайып, 304 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 570 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун жаңы 304 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Бишкек шаарында  — 73 учур, Ош – 19, Чүй облусу – 24, Ош облусу — 32, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 56, Жалал-Абад облусу – 39, Баткен облусунда 42 учур катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 41 миң 373 болду.

Ошол эле учурда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 304 бейтап сакайды.

Алсак, Бишкек шаары боюнча – 18 бейтап, Чүй облусу – 30, Ош шаары – 27, Ош облусу – 54, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 20, Ысык-Көл облусу – 39, Жалал-Абад облусу – 62, Баткен облусунда – 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Өлкөдө коронавирус илдетин жеңгендердин саны 33 миң 622ни түздү. Бул илдеттен 1491 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM