Биз менен байланышыңыз

Боронов күз-кышка эртерээк даярданууну тапшырды

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 394 | 0

Пандемиялык шартка байланыштуу быйыл жылытуу мезгилине эрте даярдык көрүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жыйында айтты.

«Суунун деңгээлинин төмөн болушу жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создуктурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун», — деди Кубатбек Боронов.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин каржылоо бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө. Жылытуу мезгилине каралган 2,9 млрд сомдун жарымы бөлүнгөн.

Боронов электр энергиясынын жоготууларын талдоонун жоктугун, дебитордук карыздын көбөйгөнүн сындады. Бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитинен ашпоону тапшырды. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы объектилерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

«Саламаттык сактоо объектилери учурда артыкчылыктуу мааниге ээ. Бардык медициналык мекемелер электр энергиясынын альтернативдик булактары менен камсыздалышы керек. Аларды көмүрдүн жана мазуттун тийиштүү запасы менен камсыздоо зарыл. Ал эми калкты камсыздоо боюнча айтсак, август айынын соңуна дейре көмүрдү сатып алууга бардык тендерлер өткөрүлүшү керек. Суук түшөөрү менен калк арасында көмүргө болгон суроо-талаптар жогорулайт. Ошондуктан өлкө боюнча отун базаларын көбүрөөк ачуу зарыл», — деди премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM