Биз менен байланышыңыз

445 медкызматкер Ысык-Көлдө саламаттыгын чыңдады

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 400 | 0

Ден соолугун калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкер Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Инфекциянын очогунда иштеген, COVID-19 менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштерин уюштуруу Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын базасында жүргүзүлүүдө.

23-июлдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 445 медициналык кызматкер жөнөтүлгөн. Реабилитациялоого республикадагы Улуттук борборлордун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун, биринчи даражадагы кызматкерлер, коомдук саламаттык сактоо кызматынын кызматкерлери жиберилди.

Штабдын маалыматына караганда, медициналык кызматкерлердин тизмеси алар иштеген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан түзүлөт.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 991 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 2 миң 271 медкызматкер айыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM