Биз менен байланышыңыз

Япония стипендиялык программанын алкагында Кыргызстанга 2,9 млн доллар бөлдү

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 491 | 0

Япониянын өкмөтү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программалар» долбоорунун алкагында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 2,9 млн долларга жакын акча бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт.

«JDS» программасы Кыргызстанда 2006-жылдан бери кадрларды даярдоо тармагында колдоо көрсөтүү жана Япония менен Кыргызстандын эки тараптуу алакасын арттыруу максатында иштеп келет.

Элчиликтен билдиришкендей, быйылкы жылы долбоордун алкагында Японияда магистр даражасын алуу үчүн 18 мамлекеттик кызматкер жана доктор даражасын алуу үчүн 2 кызматкер тандалып алынган. Бирок коронавируска байланыштуу алардын Японияга кетиши кечеңдеп жатат.

Программа ишке ашырыла баштагандан бери тандап алган багыттары боюнча магистр даражасын алуу үчүн 209 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жана  доктор даражасын алуу үчүн 1 кызматке рЯпонияга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 176сы диссертацияларын жактап, Кыргызстанга кайтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM