Биз менен байланышыңыз

Масалиев «Бүтүн Кыргызстандын» катарына кошулду

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 2913 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарына дагы 7 партиянын өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу аталган партиянын тараткан маалыматында айтылат.

Алар:

— «Кыргызстан коммунисттери партиясынан» Исхак Масалиев,

— «Эрк» партиясынан — Турсунбай Бакир уулу,

— «Эгемен Кыргызстан» партиясынан -Бектур Асанов,

— «СССР» партиясынан — Ишенбай Кадырбеков, 

— «Ак калпак» партиясынан — Улукбек Маматаев, 

— «Улуу көч» партиясынан — Акат Момунов, 

— «Бүткүл жаштар» партиясынан Ч. Капаровдор кошулду.

«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын Борбордук шайлоо комиссиясы 13-августта кабарлаган. Бул партияны коомдук ишмер Исхак Масалиев жетектейт.

Масалиев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болуп барып, кийин фракция лидери болгон. 2020-жылдын 21-майында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM