Биз менен байланышыңыз

2017-жылы чыгарылган паспорттордун баасы кымбаттайт

Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 667 | 0

17-августтан тарта 2017-жылы чыгарылган идентификациялык картанын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Баалардын кымбатташы eID-карттын акысыз бланктарынын түгөнүшү менен байланыштуу болууда.

Каттоо кызматы eID-карттарды 2017-жылдын май айынан тарта бере баштаган. Ал долбоор Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги менен бирге ишке ашырылган. Ал агенттик 1,9 млн бланкты грант катары акысыз берген. Кызматташуунун шарты боюнча акысыз берилген бланктар түгөнгөндөн кийин жарандар eID-карт алууда бланк үчүн акча төлөп баштайт.

Эми eID-картты кадимки тартипте алгач ирет алып жаткан жарандар паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персонификация үчүн 241 сом, банк кызматына 23 сом, жалпы 470 сом төлөйт.

Ал эми eID-картты алгач ирет алып жаткан жарандар аны тез арада алууну кааласа паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персонификация үчүн 516 сом, тез арада даярдап берүү үчүн 518 сом, банк кызматына 20 сом, жалпы 1 миң 260 сом төлөшү керек болот. Паспорттор 8 жумушчу күндүн ичинде даяр болот. Же көбүрөөк акча төлөп, паспортту 4, 2 күн жана 3 саатта алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM