Биз менен байланышыңыз

Быйыл 1700 га сугат жери өздөштүрүлөт

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 520 | 0

Жакында Өзгөн районунда 1,5 миң гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылууга багытталган ирригациялык долбоор ишке ашат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 13-августта Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагына барганда айтылды.

Жээнбеков ички каналдарды калыбына келтирүү боюнча ирригация долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Куршаб айылында сугат суу маселеси көп жылдан бери негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Акыркы жылдарда калктын жана үй чарбаларынын саны өсүп, жаңы конуштар пайда болгон.

Бул маселени чечүү үчүн Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 2019-жылдын апрелинде долбоор ишке аша баштап, бүгүнкү күндө негизги бөлүгү дээрлик аяктаган.

Ирригациялык тутумдарды куруу жана калыбына келтирүү — Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында берген убадаларынын бири болуп саналат.

Өлкөнүн 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасынын алкагында аны 3-этапта ишке ашыруу каралган, алардын экөөсү 2024-жылга чейин ишке ашырылат.

Бул мезгил аралыгында 31 суу чарба объектилерин ишке киргизүү пландалууда. Жыйынтыгында 27 миң га жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 46 миң га жерди суу менен камсыздоо жакшырат. 2020-жылы   1700 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү мерчемделүүдө.

Ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттан сырткары, эл аралык өнөктөштөрдүн грант жана насыя түрүндөгү каражаттары активдүү тартылууда.

Copyright © 2017 Maral FM