Биз менен байланышыңыз

Батукаев боюнча иште тергөө менен келишим түзгөндөр айыпка жыгылды

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 617 | 0

Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө менен келишкен 10 айыпталуучунун иши каралды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө менен 14 киши келишим түзгөн. Алардын ичинен 10 кишиге айып салынган.

Лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, тартип бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, Канатбек Бектемиров, мурдагы сот Жапар Эрматов жана жактоочу Али Касымовго 260 миң сом айып салынган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина-санитардык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Акылбек Асанов, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгери Фархад Атаходжаев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге 300 миң сом айыппул салынган.

4 кишиге карата соттук териштирүү уланууда, алар мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев жана анын жардамчысы Кубатбек Жуматаев.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом айыппул салынган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы директору Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыштын мөөнөтү өткөндүктөн өкүм күчүнө киргенге чейин ал үй камагына чыгарылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, ал 2 жылга эркинен ажыратылган. Анын жаза өтөө мөөнөтү аяктагандыктан Качкыналиев сот залынан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM