Биз менен байланышыңыз

Шайлоо 2020: “Бирик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиялары бирикти

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 1938 | 0

«Бирик» саясий партиясы менен  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидерлери шайлоого чогуу баруу максатында меморандумга кол коюшту.

«Башкы максат Кыргызстанды анык багыттуу өлкөгө айландыруу жана кыргыз элинин жашоо шартын жакшыртуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү болуп саналат»,  — деп айтылат меморандумда.

«Бирик» партиясынын Чүй жана Нарын облустарында электораты көп экендиги айтылат, партиянын 15 миңден ашуун мүчөсү бар.  Саясий уюмдун негиздөөчүсү жана лидери —  Кылыч Исамамбетов. Ал буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип, өмүр баяны тууралуу «Феникс» аттуу китеп жазган.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров буга чейин Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына «Республика» партиясы менен барган, 6-чакырылышта «Өнүгүү-прогресс» партиясы менен депутат болуп келген. 2017-жылдан тарта ЖКнын төрага орун басары болуп дайындалган.

Социалдык тармактарда «Мекеним Кыргызстан» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык партия экени айтылып келет.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн Боршайкомго 44 партия арыз берген. Алардын ичинен айрым партиялар биригип жатышат.

Саясий партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүшү зарыл. 24-августка чейин партиялар талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт.

Опубликовано Мекеним Кыргызстан партиясы Четверг, 13 августа 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM