Биз менен байланышыңыз

“Ассанабил” фонду 7 тез жардам унаасын алып берди

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 503 | 0

«Ассанабил» фонду Саламаттык сактоо министрлигине жети тез жардам унаасын алып берди. 13-августта Бишкекте Эл аралык «NAMA» уюмунун демөөрчүлүгү менен жети тез жардам унаасы Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди.

Медициналык техникалар менен жабдылган жети тез жардам унаасы атайын заводдон буюртма менен сатып алынган. Алардын экөө портативдүү ИВЛ, дефибриллятор, ЭКГ аппараттары менен жабдылып, реанимация стандартына ылайыкташтырылган.

«Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте Covid-19 илдетине каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттык сактоо тармагына 4 ИВЛ аппаратын, 10 миң медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол кап берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM