Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Этникалык кыргыздар ЖОЖдордо акысыз билим ала алат

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 597 | 3

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт.

Конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:

  • Министрдин орун басарынын атына арыз (формасын жүктөп алыңыз);
  • Анкета;
  • Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (талапкер паспорт ала элек болгон учурда), нотариалдык күбөлөндүрүлүп, орус же кыргыз тилине которулган;
  • Алган билими тууралуу документинин (аттестаттын же дипломунун) көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулуп, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек;
  • Билиминин деңгээли тууралуу маалымкат (Билим берүү жана илим министрлигинен алынат);
  • Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;
  • Академиялык тармакта жетишкендигин тастыктоочу сертификаттар, грамоталар, дипломдор;
  • Орус же кыргыз тилинде жазылган мотивациялык эссе – Кыргызстандын аймагында турган этникалык кыргыздар үчүн гана (формасын жүктөп алыңыз);
  • 086-у формасындагы медициналык маалымкат;
  • ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу медициналык маалымкат;
  • 3х4 см өлчөмдөгү 6 даана сүрөт;

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч., 257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519.

Ошондой эле, документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: icipd.moes@gmail.com

Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайдын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Элчиликтери жүргүзөт.

  • КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги

Документтер 2020-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу убактысы – 14:00дөн баштап, 16:00гө чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули көч. 6-проезд, 30-үй. Тел.: +998 712374796, +998 909009214, электрондук дареги: kgprotocol.uz@gmail.com.

  • КРнын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 2020-жылдын 5-сентябрына чейин.

Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., С.Носиров көч., 56 «А» үй. Тел.: +992 887782223, электрондук дареги: kg@kgembassy.tj.

  • КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги

Пекин ш., 10/11 King’s Villas 18, Xiaoyun Road, 100016, тел.: +86 0106468 1297, электрондук дареги: kyrgyz.embassy.china@gmail.com.

  • КРнын Түркия Республикасындагы Элчилиги

Документтер 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабы алынат.

Кошумча маалыматтар үчүн Анкара ш., Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450. Тел.: +90 312 4913506, +90 312 4913507, электрондук дареги: b.bakytbek@mfa.gov.kg.

3 пикир

3 пикир

  1. Бакитбек

    14.08.2020 00:08

    Саламатсызбы, ОЗУ Узбекистандын жараны бирок мектепти Кыргызстнда буткон.Атистат дакументтер Кыргызстанда, ОЗУ болсо Узбекистанда дакументтерди кандай тапшырса болот

    • Бахар Хакимова

      Бахар Хакимова

      14.08.2020 08:58

      Сиз жогоруда көрсөтүлгөн номурлар аркылуу байланышып маалымат алсаңыз болот окшойт

  2. Бакитбек

    14.08.2020 00:25

    Анан жоопту кайсыл жактан окуй алабыз?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM