Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекалык компания насыянын пайыздык ченин төмөндөттү

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 865 | 0

Пандемияга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пайыздык чендери төмөндөтүлдү. Компаниянын төрайымы Эльмира Абжапарованын айтымында, пайыздык чен 1%дуу пунктка азайтылган.

Пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык 8-10%дан 7-9%га чейин азайды (башкы төлөмгө жараша). Андан сырткары, «Жеке турак-жай куруу» механизмине ылайык, пайыздык чендер жылдык 8-12% дан 7-11% га чейин азайды. (курулуш мезгилинде жылдык 11%).

Мындан тышкары, насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандар насыя алган банкка арыз менен кайрылып, төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнөт.

Ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.

Жалпысынан, мамлекеттик ипотекалык компания 5,5 миллиард сом суммасында 4,7 миңден ашык насыя берген. Акыркы 5 жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM