Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 160 миңден ашык адам өз алдынча дарыланып сакайган

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 317 | 0

Кыргызстанда расмий эмес маалымат боюнча, болжол менен 160 миңдин тегерегиндеги адам СOVID-19 илдетинен айыгып чыкты. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде билдирди.

Каратаев лаборатордук түрдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайганын айтууда. Репродуктивдик сан менен эсептегенде, июль айындагы көрсөткүч боюнча, ооруп жаткан адам вирусту башкага 0,5 пайызга гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени аныкталды.

Өлкөдө 13 миң 177 адам, же оорулуулардын 36,3  пайызы — симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми жеңил түрү менен 10 миң 781 – 29,7 % адам ооруган. Бүгүнкү күндө расмий катталган учурлардын саны 41 миң 69 адамды түздү.

«Ал эми расмий маалыматтан сырткары, медициналык мекемеге кайрылбаган, симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок, анда болжол менен 160 миң адамдын тегерегинде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, — деп билдирди Каратаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM