Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен катталгандардын көрсөткүчү 27 пайызга азайды

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 480 | 0

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын көрсөткүчү 27 пайызга азайды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде кабарлады.

Өлкөдө вирусту жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 41 миң 69га жетти. Акыркы бир суткада 310 жаңы учуру катталды:

Бишкекте — 99, Ош – 17, Чүй облусу – 15, Ош облусу — 35, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 55, Жалал-Абад облусу – 54, Баткен облусунда — 19 учур.

Ошондой эле акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 3 бейтап каза болду: Бишкек шаарында – 1, Баткен облусунда — 1,  Ош облусу – 1 учур.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1487ге жетти.

«Лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19дун көрсөткүчү негизинен азайып жатат. Мисалы, бүгүн 75 учур катталды, ал эми пневмония менен бир суткада 235 адам катталды. Кыргызстанда COVID-19дун жалпы катталган учуру — 17 миң 786, пневмония — 23 миң 283 учур. Коронавирустун жайылуу деңгээли 2-июнда көбөйүп, 18-июлдан баштап азайды. 14 күндөгү абалды карасак вирустун жайылышы 27 пайызга азайды», -дейт Каратаев.

Copyright © 2017 Maral FM