Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөдө эт көп өндүрүлдү

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 457 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл эт көп өндүрүлгөнүн кабарлады.

2020-жылдын 1-августуна карата республикада бардык категориялардагы чарбаларда 215,9 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миң 608 тоннага көп болду.

Министрликтин маалыматында, эт өндүрүү республиканын бардык облустарында мал базарлар жана эт сатылган дүкөндөрдүн ачылышы менен өз калыбына келүүдө.

Айрыкча, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын чарбаларында эт өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу көбүрөөк болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM