Биз менен байланышыңыз

Дагы үч коммерциялык уюм шайлоого байкоо жүргүзөт

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 400 | 0

Үч коммерциялык эмес уюм Борбордук шайлоо комиссиясына 4-октябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниетин билдирди.

Алар − ден соолугунан мүмкүкнчүлүгү чектелген адамдарды колдоочу “Билоу” коомдук фонду, “Майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фонду жана “Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет” коомдук фонду.

Аталган уюмдар БШКда, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында жана борбордун аймагындагы шайлоо участокторунда байкоо жүргүзөт.

30-июлда БШК Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого  “Жалпы иш” коомдук фондунан жана юридикалык жактардын бирикмеси болгон “Таза шайлоо» ассоциациясынан байкоочуларды  каттоого ала тургандыгы боюнча чечим кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM