Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» шайлоого катышпайт

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 656 | 0

«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

БШК 12-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алуу менен чечим кабыл алды.

“Кыргызстан коммунисттер партиясынын” ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

«Кыргызстан коммунисттер партиясын» коомдук ишмер Исхак Масалиев жетектейт. Масалиев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат, кийин фракция лидери болгон. 2020-жылдын 21-майында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM