Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Гүлсайра Момунованын сөөгү жерге берилет

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 389 | 0

12-августта Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Гүлсайра Момунова 83 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү 13-августта Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Гүлсайра Момунова 1937-жылдын 30-декабрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында туулган.

1961-1969-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болгон.

Гүлсайра Момунованын алгачкы ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, котормолордун автору болгон. Чыгармачылык жолунда кыргыз жана орус тилдеринде 20дан ашык китептери жарык көрүп, алардын көпчүлүгү ата мекенди сүйүү, жаратылышка болгон мамиле, махабат, өмүр темасына арналган.

«Кут дүйнө», «Табаар белем», «Ак марал», «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнактары окурмандардын арзуусуна ээ болуп, бир нече театралдык көрсөтүүлөр  даярдалып, элге кеңири белгилүү обондор жаралган. 1971-жылдан Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата-Мекенди даңктоо ырларынын эл аралык сынагына катышып, «Боз үй» поэмасы менен «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

Гүлсайра Момунованын маданият жана адабият тармагында кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, 1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы, 2004-жылы «Даңк» медалы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы ыйгарылган.

Чыгаан акын, журналист жана котормочу Гүлсайра Момунова ѳзүнүн байсалдуу өмүр жолунда көөнөргүс мурастарды калтырды. Жаркын  инсандын  чыгармалары ар дайым мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.

Президент баш болгон мамлекеттик жетекчилер маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, Г.Ү.Калиева, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, А. К. Жаманкулов, К. Б. Базарбаев, К. О. Иманалиев, Б.Жакиев, М. Т. Байжиев, М. Абылкасымова,  К. Ж. Жусупов, Ө.Даникеев, О.Султанов, А.Өмүрканов, Ш. Дүйшеев, А.Рыскулов, А.Жакшылыков, М.Абакиров, Т.Мамеев, С. Жетимишев, М.Мамазаирова, Н.Алымбеков, М.Ааматов, К.Урманбетов, Н.Калыбеков ж. б.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM