Биз менен байланышыңыз

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор салына баштады

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 502 | 0

Баткенде өрүктү кайра иштетүү боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Жерине 12-августта президент Сооронбай Жээнбеков барды.

Долбоорлор Баткен шаарынын өнөр жай аймагында ишке ашырылат, ага 4 га жер бөлүнгөн. Ишкер Нурбек Осмонов маалымдагандай, жергиликтүү өндүрүштөгү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 млн долларга жакын инвестиция салынган.

Ишкана ачылса 200 жумушчу орун түзүлөт, жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондой эле текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 млн долларга бааланууда.

2021-жылдан тарта фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча миң жумушчу ордун түзүүнү, жыл сайын 400 млн сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда. Ишканалардын курулуш иштери 2020- жылдын декабрына чейин бүткөрүлөт.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү саясаты үчүнчү жыл катары менен мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келе жаткандыгын жана анын негизги багыттарынын бири жергиликтүү ишкердикти колдоо экендигин эске салды.

«Баткен ар дайым менин жүрөгүмдө, мен ага өзгөчө көңүл бурам. Биз социалдык объектилердин санын жыл сайын көбөйтөбүз. Пандемия шартында айрым багыттарды каржылоонун кыскарышы аймактын социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM