Биз менен байланышыңыз

11 лаборатория кандагы антителаны аныктоо боюнча анализ жүргүзөт

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 571 | 0

Буга чейин коронавирус менен ооруп айыккан адамдын организминде иммунитет пайда болору айтылган. Аны аныктоо иммунноферменттик анализдин негизинде жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 11 жеке менчик лаборатория антителаларды аныктоо боюнча анализ жүргүзүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, 21-июлдан 12-августка чейин 13 миң 688 адам анализ тапшырган.  Алардын 48,4 пайызында М жана G иммуноглобулиндери бар болуп чыккан.

«Иммуноферменттик анализ — лабораториялык изилдөөлөрдүн бир ыкмасы. Ал изилдөө кандын анализинен М же G иммуноглобулиндерин табууга багытталган. Анын натыйжасында оорунун бар экендиги же адам буга чейин ооругандыгын жана коронавируска иммунитети бар экенин аныктоого болот», — деди Оторбаева.

Адистин айтуусу боюнча, вирус организмге киргенден кийин иммундук системада алгач М класстагы иммуноглобулиндер пайда болот. Ал ооруну жугузуп алгандан кийин бешинчи күндөн баштап клиникалык белгилер пайда боло баштагандан тарта же бир-эки жуманын ичинде пайда болот.

Ал эки айга чейин организмде сакталып турат. Ал эми эки айдан кийин адамдын организминде G иммуноглобулини пайда боло баштайт. Ал пайда болгондон баштап деңгээли жай көтөрүлөт да бир топ убакытка чейин адамдын организминде кала берет.

М иммуноглобулини табылган учурда эмне кылуу керек?

-биринчиден изоляцияны сактоо керек. Жашаган жери боюнча дарыгерге көрүнүп, дары-дармек жаздырып алуу керек. Мурда ПЧР анализ тапшырган болбосоңуз, коронавирус бар же жок экенин тактагыңыз келсе ПЧР анализ тапшырууга болот.

G иммуноглобулини табылган болсо:

-изоляциянын, дарылануунун, ПЧР тест тапшыруунун кереги жок. Анткени G иммуноглобулини адам бир ай мурда же жакын арада ооруп чыкканын билдирет.

«Бирок вирус толук изилдене элек. Ошондуктан оору кайра жукпай тургандыгын ишенимдүү түрдө айтууга болбойт. G иммуноглобулини аныкталган жарандар социалдык аралыкты, бүгүнкү күнү айтылып жаткан эрежелерди сакташы керек» — деди адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM